Жаңылыктар

Талас шаарында 3-март мамлекеттик туу күнү жана 5-март ак калпак күнү белгиленди

03.03.2026  10:43     Кароолор (8)

Салтанатка шаар аймагындагы мамлекеттик, муниципиалдык ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары катышып, ак калпак кийип, туу көтөрүп жөө жүрүшкө чыгышты.

Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков бул күндөрдүн тарыхый жана руханий маанисин белгилеп, шаар тургундарын куттуктады.

Иш-чара маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен жыйынтыкталды.