23-октябрда, Талас шаарынын мэриясы тарабынан социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарды колдоо максатында аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мүчөлөрү бар 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды.
Бул максатта шаардык бюджеттен 100 миң сом каралып, жалпы 15 тонна көмүр сатып алынган.
Жардам алуучулардын тизмеси Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан берилген маалыматтардын, ошондой эле Талас шаарынын мэриясына кайрылган жарандардын арыздарынын негизинде түзүлдү. Анын алкагында ар бир үй-бүлөгө 6 каптан көмүр берилди.
Бул иш-чара социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөргө күз-кыш мезгилинде көмөк көрсөтүү жана алардын турмуш-тиричилик шарттарын жеңилдетүү максатында уюштурулду.