Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА 5 КИЧИ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ КУРУЛАТ

23.06.2025  15:00     Кароолор (8)

Талас шаарынын аймагында 5 кичи футбол аянтчасынын курулушу жүрүп жатат. Бул спорттук объектилер Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу жана жергиликтүү бийликтин демилгеси менен ишке ашырылууда.

Шаар мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев аянтчалардын курулушу менен жеринде таанышып, иштердин жүрүшүнө мониторинг жүргүздү.

Аталган спорт аянтчалары №5, №2, №3 мектептердин аймагында, КАСИ университетинин жанына жана Тынчтык конушунда курулууда. Бул демилге КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев тарабынан көтөрүлүп, ишке ашуусуна демөөрчүлөрдүн колдоосу кошумча дем берген.

Талас шаардык мэриясы тарабынан тиешелүү жер тилкелери бөлүнүп, документ иштер толугу менен бүткөрүлгөн. Ал эми жер казуу, тегиздөө иштери жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулууда.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Пландалгандай, бардык 5 аянтча алдыдагы бир ай ичинде толук бүтүп, пайдаланууга берилет.

Бул долбоор балдардын жана жаштардын спортко тартылышын арттырып, сергек жашоо образын өнүктүрүүгө чоң салым кошот