Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА 6 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРГАН КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН ӨТТҮ

24.07.2025  19:06     Кароолор (12)

Талас шаарында 2025-жылдын алты айы ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктарын талкуулаган коллегиялык жыйын болуп өттү.

Жыйынга Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев, шаардык кеңештин төрагасы Калыс Жаныбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Эмил Жамакеев, шаардагы мекеме-уюмдардын жетекчилери жана шаардык кеңештин депутаттары катышты.

Коллегиянын күн тартибинде Талас шаарын өнүктүрүүгө багытталган иштер жана алдыдагы пландар кеңири талкууланды. Жыйында Талас шаарынын 2024–2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын алкагында аткарылып жаткан иштер баяндалды. Анын негизинде шаар инфраструктурасын жакшыртуу, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, жолдорду реконструкциялоо, тротуар куруу, таза суу топтоочу жайларды түзүү жана коомдук жайларды көрктөндүрүү багытындагы бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатканы маалымдалды. Ошондой эле жарым жылдыкта салык чогултуу планынын аткарылышы тууралуу маалымат берилди.

Коллегиянын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүүгө жана реформалоого кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер сыйланышты. Атап айтканда:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин төш белгиси менен 1 кызматкер, ардак грамотасы менен 2 кызматкер;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ардак грамотасы менен 3 кызматкер;

- Талас шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен 1 кызматкер сыйланды.

Мындан тышкары, жыйында 2024–2025-жылдагы жаңы окуу жылына карата шаарда көрүлүп жаткан даярдык иштери да каралып, билим берүү тармагындагы маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.