Жаңылыктар

Талас шаарында 70 үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда

15.07.2026  16:12     Кароолор (25)

 Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын утурлай Талас шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшүн оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.

 Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп, керектүү каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн. Учурда оңдоо иштери пландын негизинде уланууда.

  КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Талас шаарында оңдоп түзөөдөн өтүп жаткан мамлекеттик имараттардын жана жеке менчик көп кабаттуу үйлөрдүн кыдырып, иштердин сапатуу жана өз убагында жасоо тапшырмасын берди.