21-октябрда Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде шаардык мэриянын коллегиялык кеңешмеси болуп өттү. 2025-жылдын 9 айдагы жыйынтыгын чыгарган отурумга шаар мэри Нургазы Асылбеков, шаардык кеңештин төрагасы Калыс Джаныбеков, ошондой эле шаардык мекеме жана ишканалардын жетекчилери, депутаттар жана кызматкерлер катышты.
Коллегияда эки негизги маселе каралды:
1. 2025-жылдын 9 айына карата Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары;
2. Талас шаарынын экономика тармактарын жана калктын күз-кыш мезгилине карата даярдоо жөнүндө;
Отурумдун алкагында шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери өз баяндамаларын жасап, отчетторун беришти. Коллегиянын катышуучулары шаардагы экономикалык абалды талкуулап, социалдык сектордун 9 айдагы аткарылган иштерин, ошондой эле күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды карашты.
Өз кезегинде шаар башчысы Нургазы Асылбеков мекеме-ишканаларга иштерди сапаттуу аткаруу боюнча тапшырмаларды берди жана мындан ары жаңыча иш алып барууну сунуштады. #таласмэрия