Бүгүн, 21-майда Талас шаарында 900 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жана Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов катышты.
Жаңы билим берүү мекемесине жалпы 6 гектар жер бөлүнүп, курулуштун жалпы суммасы 258 миллион сомду түзөт. Мектептин долбооруна ылайык, 27 класстык бөлмө, 3 чыгармачылык жана кошумча ийримдер үчүн арналган бөлмө, 400 орундуу жыйындар залы, спорт залы, ашкана жана ар кандай багыттагы ийримдерге арналган атайын бөлмөлөр каралган. Ошондой эле имарат заманбап видеобайкоо системасы менен жабдылат.
Курулуш иштерин 2026-жылдын июль айына чейин бүткөрүү пландалган. Объект «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевдин жеке каражатынын эсебинен курулууда.