Жаңылыктар

Талас шаарында Атай Огонбаевдин 125 жылдыгы белгиленди

07.11.2025  12:12     Кароолор (47)

Талас шаарында кыргыздын улуу композитору, обончу жана аткаруучу Атай Огонбаевдин 125 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көчөрбаев катышып, залкардын атын алып жүргөн Атай Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин эмгек жамаатына “Ыраазычылык барагын” тапшырды.

Ошондой эле жаш комузчулар арасында кароо-сынак уюштурулуп, жергиликтүү таланттар өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Иш-чараны улуу мурастарды даңазалоо жана өспүрүм муунду улуттук музыкага, маданиятка тартууга багытталды