Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА АТАЙ ОГОНБАЕВДИН 125 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН “ЭСИМДЕ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

12.09.2025  21:30     Кароолор (118)

12-сентябрь күнү Талас шаарында эл аралык “Talas Tourism” жана кыргыздын улуу композитору Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракесине арналган “Эсимде” аттуу маданий фестиваль өткөрүлдү.

Фестивалдын алкагында кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын чагылдырган ар кыл иш-чаралар уюштурулду. Кол өнөрчүлөрдүн жана улуттук тамак-аштын көргөзмөлөрү, ата-бабадан калган каада-салттарды чагылдырган сахналык көрсөтүүлөр, салбуурун оюндары жана улуттук ат оюндар фестивалдын көркүн ачты.

Фестивалдын өзгөчө бөлүгү – Атай Огонбаевдин ырлары Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестри тарабынан жандуу аткарылып, көрүүчүлөргө тартууланды.

Салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, ТүркСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Жогорку Кеңештин депутаттары, демөөрчүлөр жана коомдук ишмерлер, шаар тургундары катышты.

Иш чара 13-сентябрь “Талас токоюна” жөө саякатто менен уланат, жаратылышты сүйүүчүлөр уникалдуу, тарыхый жана табигый жайлар менен таанышакчы.