Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүндө жайгашкан “Азамат” кафесине байланыштуу жергиликтүү тургундардан арыз келип түшкөн. Арызда таштанды чыгаруу жана таштоо жайларынын санитардык талаптарга жооп бербегени, жагымсыз жыттын чыгышы жана түн ортосуна чейин чыккан катуу музыка жашоочуларга ыңгайсыздык жаратары айтылган. Ошондой эле кафеде колдонулган газ балондорунун коопсуздук эрежелери сакталбаганы жана трансформатордон дагы жагымсыз жыттар чыгары белгиленген.
Бул жагдай боюнча Талас шаарынын мэриясы, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы, жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан биргелешкен текшерүү жүргүзүлдү. Мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүп, коомдук коопсуздукту, санитардык талаптарды жана жашоочулардын тынчтыгын камсыздоо талабы эскертилди. Ошондой эле тазалыкты сактоо үчүн таштанды таштоочу урналарды коюу керектиги белгиленди.