28-февраль күнү Талас шаарынын борбордук аянтында азык-түлүк жарманкеси болуп өттү.
Иш-чара Талас шаарынын мэриясы жана Талас райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан биргеликте уюштурулду. Жарманкеге шаар жана район аймагындагы дыйкандар, фермерлер жана жеке ишкерлер катышып, өз продукцияларын ортомчусуз, жеткиликтүү баада сатышты.
Жарманкенин негизги максаты бааларды турукташтыруу жана шаар тургундарын сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылууга багытталды.