Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев иш сапарынын алкагында Талас шаарында салынып жаткан «Баластан» соода жана оюн-зоок борборунун курулуш иштери менен жеринен таанышты.
Жаңы борбор Шамбетов көчөсүнүн №70 дарегинде жайгашып, жалпы аянты 17 миң чарчы метрди түзмөкчү. Долбоордун эскизин шаар куруу жана архитектура департаментинин №8 өнөр канасы даярдаган.
Курулушка көзөмөл жүргүзүү «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасына жүктөлүп, ал республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Учурда курулуш аянтында пайдубалга чейинки жер жумуштары жүрүп жатат.