Жаңылыктар

Талас шаарында Балдарды коргоонун эл аралык күнү өзгөчө шаң менен белгиленди

01.06.2026  17:10     Кароолор (4)

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Талас шаарынын борбордук аянтында кеңири масштабдагы майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чарага Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков катышып, шаар тургундарын, жаш жеткинчектерди жана алардын ата-энелерин майрам менен куттуктады.

Өз сөзүндө шаар башчысы балдар мамлекеттин жана коомдун эң баалуу байлыгы, өлкөнүн жаркын келечеги экенин белгилеп, алардын бактылуу балалыкта өсүп-өнүгүүсү ар бирибиздин негизги милдетибиз экенин айтты. Ошондой эле балдардын билим алуусу, чыгармачылык жана спорттук жөндөмдөрүн өнүктүрүүсү үчүн шаарда бардык шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө олимпиада жеңүүчүлөрү сыйланып, концерттик программа тартууланды. Мындан сырткары бий фестивалы, спорттук оюндар, сүрөт тартуу сынактары, куурчак театрынын көрсөтүүсү жана башка кызыктуу оюн-зооктор уюштурулду.

Майрамдык иш-чара балдардын кубанычына бөлөнүп, шаар тургундары үчүн жагымдуу маанай тартуулады. Балдарды коргоонун эл аралык күнү Талас шаарында өзгөчө шаң менен белгиленди.