2025-жылдын 4–6-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 27-февралындагы №68 «2025–2030-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышын камсыз кылуу максатында Талас шаарында тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
Анын алкагында Талас шаарынын Ж. Тагайбаев көчөсүндө жайгашкан Беш-Таш суусунун 42 метрлик бөлүгүнүн нугун тазалоо жана жээктерин бекемдөө иштери аткарылды.
Аталган иш-чаралар жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн «Кол тийгис» каражаттын эсебинен каржыланып, жумуштарга муниципалдык ишканалардын атайын техникалары тартылды.
Бул иштер суунун нугун кеңейтүү, сел коркунучунун алдын алуу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт.