Бүгүн, билим берүү күнү белгиленип, Талас шаарындагы мектептерде жаңы окуу жылына карата алгачкы коңгуроо кагылды.
Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиргендей, шаар аймагында жалпы 9 мектеп бар. Быйылкы жылга жалпы 959 окуучу 1- класска кабыл алынды.