29-июлда КР Өзгөчө Кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Талас шаарына иш сапар менен келди. Министр менен болгон жолугушууга мэр Нургазы Асылбеков, ӨКМдин облустагы башкармалыгынын башчысы Урматбек Имашов жана башка тийиштүү жетекчилер катышты.
Тараптар шаардын Тагайбаев көчөсүнө барып, андагы дренаж маселесин жеринде көрүп чыгышты.
Жыйынтыгында министрдин колдоосу менен аталган көчөгө 13 млн 450 миң сомго жабык типтеги дренаж куруу иштери баштала турган болду.
Белгилей кетсек, аталган аймакта жер алдындагы суулардын көтөрүлүшүнөн улам ашык нымдуулук болуп, тургундарга көйгөй жаратып келген.