Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

29.11.2024  16:40     Кароолор (22)

Бүгүн, 29-ноябрь, Талас шаарындагы К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында жарыяланган "Экология жылы" иш-чараларына карата илимпоз, биология илимдеринин кандидаты, ТалМУнун доценти Сагынбеков Жышан Сагынбековичтин 85 жаш мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага КРнын Президентинин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Бекмурза Ашимов, Өзбекстандын Ташкент шаарындагы Мирзо Улугбек атындагы Улуттук университети жана Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университети, Өзбекстандын Самарканд мамлекеттик университетинин жана Республика боюнча бардык жогорку окуу жайлардын илимпоздору, окутуучулары жана студенттери катышышты.

"Экология жылы" иш-чарасынын максаты — экологиялык көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну жайылтуу, айлана-чөйрөнү коргоо маданиятын жогорулатуу жана туруктуу өнүгүүгө шарт түзүү.

Конференциянын жүрүшүндө окуу жайлардын окутуучулар жана сырттан келген коноктор тарабынан илимий баяндамалар окулду.