Талас шаардык Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде Элдик курултайга делегаттарды шайлоо болуп өттү. Иш-чарага Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жана шаардык кеңештин төрагасы Калыс Жаныбеков катышышты.
Жалпы 98 катышуучунун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында төмөнкү жыйынтык чыкты:
• Шербахунов Алтынбек — 57 добуш,
• Дүйшөнбиев Нурсултан — 32 добуш,
• Орозалиева Шиберкүл — 9 добуш.
Натыйжада, эң көп добуш алган 3 делегат Элдик курултайдын республикалык жыйынына Талас шаарынын атынан катышып, өлкө башчысы Садыр Жапаровго шаардагы көйгөйлөрдү түз жеткирмекчи.