Бүгүн Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде электр энергиясын үнөмдөө боюнча коомдук жыйын болуп өттү. Жыйынга Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жана мекеме-уюмдардын жетекчилери, шаар тургундары, ишкерлер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мэр азыркы учурда өлкө боюнча электр энергиясын үнөмдөө маанилүү талап болуп жатканын, бул багытта бир катар чектөө чаралары киргизилгенин белгиледи.
Катышуучулар жарыктарды өчүрүү боюнча суроолорун узатып, жоопторду алышты.
Жыйындын соңунда мэр Нургазы Асылбеков шаар тургундарын түшүнүүгө чакырып, электр энергиясын үнөмдөө маанилүү экенин белгиледи.