Бүгүн, 15-мартта Талас шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде шаарды санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жалпы ишембилик уюштурулду. Бул иш-чаранын алкагында шаардагы мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга тиешелүү аймактар бөлүнүп берилди.
Ишембиликке шаар башчысы Байышбек Астанакулов да активдүү катышып, мекеме-ишкана кызматкерлери менен бирге тазалоо жана жашылдандыруу иштерине салым кошту. Иш-чаранын жүрүшүндө таштандылар чыгарылып, эс алуу жайлары жана көчөлөр ирээтке келтирилди.
Белгилей кетсек, бул ишембилик эки ай аралыгында улантылып, шаарды көрктөндүрүү иштери иреттүү түрдө жүргүзүлөт. Талас шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана ишкерлерди бул демилгени колдоого алып, активдүү катышууга чакырат.