Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан Талас шаарында китеп жарманкеси уюштурулду. Иш-чара быйыл экинчи ирет өткөрүлүп, Р. Рысакова атындагы №2 мектептин аймагында өтүп жатат.
Жарманкеге негизинен колдонулбай турган китептер коюлду. Каалоочулар аларды белекке тапшырып же арзан баада сата алышат.
Орус тилдүү мектептерде китеп көйгөйү жыл сайын болуп келгендиктен, бул жарманке ошол көйгөйдү чечүүгө да багытталууда.