Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА КӨЧМӨ ДОБУШ БЕРҮҮ ЖҮРҮП ЖАТАТ

16.11.2024  20:30     Кароолор (17)

2024-жылдын 16-ноябрында Талас шаарында саламаттыгына, майыптыгына же жаш курагына байланыштуу шайлоо участкасына бара албай турган жарандар үчүн көчмө добуш берүү жүрүп жатат. Ал үчүн Талас шаары боюнча 22 жаран арыз берген. Арыздын негизинде бүгүн 6 шайлоо тилкесинде көчмө добуш берүү жүрүүдө.

Талас шаарында жалпы 10 шайлоо участок жана 1 аралыктан добуш берүү участогу бар. 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого Талас шаарынан 6 саясий партия катышууда.

Эске салсак, бүгүн 16-ноябрда саат 8:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүт иштерине тыюу салуу күчүнө кирди. «Жымжырттык күнү» деп аталган бул мөөнөт добуш берүү башталганга чейин 24 саатка созулат. Мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди жана алардын тизмелерин каттоо аяктаган күндөн тартып, добуш берүү күнүнө бир күн калганда аяктайт. Жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоо эртеӊ 17-ноябрда өтөт.