Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков муниципалдык ишканалардын жетекчилери менен биргеликте шаар аймагындагы көчөлөрдүн санитардык-техникалык абалына көзөмөл жүргүздү. Бул иштердин алкагында Атай Огонбаев көчөсүндө кызыл сызык чегинен чыгып кеткен курулуштарды талапка ылайык жылдыруу, чек араларды кайра тактоо боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле көчө боюндагы куураган бак дарактарды кыюу, таштандыларды чыгаруу жана канализация маселесине өзгөчө көңүл буруу эскертилди.
Мындан тышкары, шаар тургундарына жеке менчик аймактарды таза кармоо, үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, дарбазаларды оңдоп сырдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында телекоммуникация кызматтарына эскирген жана кооптуу абалдагы жыгач мамыларды демонтаждоо талабы коюлду. Ал эми Талас электр тармактар ишканасына коопсуздук үчүн трансформаторлордун айланасын тосуу жана сырдоо боюнча тапшырмалар берилди.
Көзөмөл иштери Асанбек Оторбаев көчөсүндө да улантылып, таштандыларды тазалоо жана жалпы санитардык абалды жакшыртуу боюнча милдеттер белгиленди.
Аталган иштер шаар аймагынын санитардык абалын жакшыртууга, архитектуралык тартипти камсыздоого жана жарандар үчүн ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталууда.