Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА КОЛЛЕГИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ БОЛУП ӨТТҮ

21.04.2025  15:14     Кароолор (17)

Бүгүн, 21-апрелде Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында Талас шаарынын 2025-жылдын I кварталы боюнча жыйынтыктары каралган коллегиялык кеңешме болуп өттү.

Иш-чарага Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нургазы Асылбеков, депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков ошондой эле шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин күн тартибинде төмөнкү негизги маселелер каралды:

-2025-жылдын I кварталына карата Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы;

-2024–2025-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өткөрүү жана 2025–2026-жылдарга даярдык көрүү боюнча чаралар;

-Саламаттык сактоо мекемелеринин ишмердүүлүгү, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана калкты эмдөөдөн өз убагында өткөрүү маселелери.

Коллегиялык кеңешме суроо-жооптор, конструктивдүү сунуш-пикирлер менен коштолуп, бардык тармактар боюнча тиешелүү жетекчилерге милдеттер жана жоопкерчиликтер жүктөлдү. Талас шаарынын мэриясы алдыдагы кварталдарда дагы шаардын туруктуу өнүгүүсүн жана тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу багытындагы иштерин улантат.