Жаңылыктар

Талас шаарында «Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө» форуму өткөрүлдү

17.10.2026  17:30     Кароолор (22)

2026-жылдын 16-октябрында Талас шаарындагы А. Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2026-жылдагы 24-июлундагы № 8 коллегиясынын чечиминин негизинде «Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө» аталышындагы форум өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — үй-бүлөлүк зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу.

Форум үй-бүлөдөгү ынтымакты чыңдоого, балдардын укуктарын коргоого, зомбулуктун алдын алууга жана коопсуз коомду калыптандырууга багытталган.