Жаңылыктар

Талас шаарында коррупцияны алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

08.12.2025  16:46     Кароолор (21)

Бүгүн Талас шаарында КР Президентинин №137 жарлыгына ылайык, коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү.

Бул семинардын негизги багыттары — коррупциянын алдын алуу, коомдо укуктук маданиятты жогорулатуу, мамлекеттик органдардын ачык-айкын иштөөсүн камсыздоо жана жарандардын ишенимин бекемдөө болуп саналат.

Семинарга Талас шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Анарбек Ибралиев, Талас шаарынын прокурорунун улук жардамчысы Молдогазиев Бактияр, Талас ШИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү Турумбекова Сезим, мугалимдер жана студенттер катышышты.

Иш-чарада адистер тарабынан:

• коррупциянын укуктук жоопкерчилиги,

• анын коомго жана мамлекетке тийгизген кесепеттери,

• жарандардын жана мекеме-ишканалардын коррупцияны алдын алуудагы ролу,

• мамлекеттик стратегиянын негизги механизмдери тууралуу кеңири маалымат берилди.