Бүгүн Талас шаарынын борбордук аянтында Курман айт майрамына карата айт намазы окулуп, ага миңдеген шаар тургундары катышты.
Майрамдык иш-чарада Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков тургундарды куттуктап, өлкөгө тынчтык, элге ынтымак жана береке каалады.
“Курман айт ар бир үйгө жакшылык, бакыт жана молчулук алып келсин”, — деди шаар мэри.