Нургазы Асылбеков К. Нуржанов атындагы аллеяда жана Талас шаарынын борбордук паркындагы аттракциондордо жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу подрядчы ишканалардын өкүлдөрү, техникалык көзөмөлчүлөр жана долбоор ээлери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапат талаптарына ылайык бүтүрүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп, иштерди ыкчам жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле белгиленген талаптарды так сактоо, коопсуздук нормаларын толук аткаруу жана курулуш иштерин кечиктирбөө зарылдыгы эскертилди.