Кыргыз-Россия мектеби Талас шаарынын түштүк-чыгыш тарабында, Талас району менен чектеш аймактагы 3 гектардан ашык аянтка курулат. 1224 окуучуга ылайыкталып, 600 орундуу жыйындар залы, спорттук комплекс жана эки бассейн менен жабдылат. Ошондой эле билим берүү мекемеси керектүү заманбап эмеректер жана жабдуулар менен камсыздалат.
Аталган мектепти курулушу боюнча 2-августта Талас шаарында эки тараптуу жолугушуу болду. Ага Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү Талас шаарында болушту. Жумушчу топту КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев жана тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери тосуп алышты.
Тараптар мектеп салына турган жер участогунда көчмө жыйын өткөрүп, курулуш боюнча техникалык жана уюштуруу маселелерин жеринде карашты. Андан соң, мэриянын жыйындар залында тараптар кошумча маселелерди талкуулашты.