Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

02.11.2024  18:30     Кароолор (24)

2-ноябрь Маданият жана исскуство кызматкерлеринин күнүнө карата бүгүн К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында майрамдык иш-чара белгиленди.

Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, райондук мамлекеттик администрация башчылары жана маданият, исскуство кызматкерлери, маданият чөйрөсүндөгү эмгек алдынкылары катышышты.

Майрамдык иш-чарада шаар мэри Байышбек Астанакулов улуттук маданий мурастарды даңазалап, кийинки муундарга жеткирүүдө зор салым кошуп келе жаткан маданият өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады. Алардын коомдогу орду жана ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө чыгармачылык дарамет, бекем ден соолук, иштерине албан ийгиликтерди каалады.

Майрамдык салтанаттын алкагында маданият тармагында үзүрлүү эмгеги үчүн эмгек алдынкыларына Талас шаарынын мэриясынын ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Майрамдык иш-чара маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.