Жаңылыктар

Талас шаарында майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө укуктук жана социалдык колдоо көрсөтүлдү

28.05.2026  14:10     Кароолор (12)

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2026-жылдын 25-майындагы тапшырмасына ылайык, Талас шаарында майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө укуктук жана социалдык колдоо көрсөтүүгө багытталган атайын иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара 28-май күнү Талас шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында уюштурулуп, ага Талас шаарынын прокурору Жылдызбек Разыбеков, Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Анарбек Ибралиев, майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан ата-энелер жана социалдык кызматкерлер катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө прокуратура кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эл аралык келишимдерде жана улуттук мыйзамдарда каралган балдардын жана ата-энелердин укуктары, социалдык кепилдиктери тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле катышуучулардын суроолоруна жооп берилип, тиешелүү түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майыптыгы бар балдарды тарбиялап жаткан 17 үй-бүлөгө социалдык колдоо көрсөтүү максатында атайын майрамдык белектер тапшырылды.

Иш-чаранын негизги максаты — өзгөчө камкордукка муктаж балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөрдү колдоо, алардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу жана коомдогу социалдык коргоону күчөтүү болуп саналат.