Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТТҮ

17.05.2025  18:25     Кароолор (15)

17-майда Талас шаарында таза жана жашыл чөйрөнү түзүү, шаарды иретке келтирүү максатында массалык ишембилик өткөрүлдү. Иш-чара шаардык мэриянын демилгеси менен уюштурулуп, шаарды көрктөндүрүү жана тургундардын экологиялык маданиятын жогорулатууга багытталды.

Ишембиликке шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, билим берүү жана маданият мекемелеринин жамааттары, жаштар уюмдары жана жергиликтүү тургундар жигердүү катышты. Коомдук биримдик менен өткөн ишембиликте шаар көчөлөрү, тротуарлар жана эс алуу жайлары тазаланып, ирээтке келтирилди.

Ишембилик учурунда жалпы 15 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды.

Эске салсак, мындай ишембиликтер Талас шаарында ар ишемби сайын үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Шаардык мэрия бардык жарандарды активдүү катышууга чакырат жана таза, кооз жашоо чөйрөсүн түзүү — ар бирибиздин милдетибиз экенин белгилейт.