Жаңылыктар

Талас шаарында мектеп окуучулары менен кезектеги жолугушуу өткөрүлдү

18.02.2026  15:57     Кароолор (9)

Бүгүн, 18-февраль күнү Талас шаарында мектеп окуучулары менен кезектеги жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чара №5 жана №8 орто мектептерде уюштурулуп, ага шаардык мэриянын өкүлдөрү, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, социалдык жана билим берүү тармагынын адистери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери, эрте никенин алдын алуу, жашы жете электердин укуктары жана милдеттери, ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кеңири маалыматтар берилди. Адистер окуучулар менен баарлашып, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Мындан тышкары, кризистик кырдаалдарда кайсы кызматтарга кайрылуу керектиги, ишеним телефондору жана укуктук жардам алуу жолдору тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.