Жаңылыктар

Талас шаарында мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрүлдү

10.02.2026  10:36     Кароолор (6)

Иш-чарага шаардык мэриянын өкүлдөрү, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, социалдык жана билим берүү тармагынын адистери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери, эрте никенин алдын алуу, жашы жете электердин укуктары жана милдеттери, ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кеңири маалыматтар берилди. Адистер жаштар менен ачык диалог форматында баарлашып, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Мындан тышкары, кризистик кырдаалдарда кайсы кызматтарга кайрылуу керектиги, ишеним телефондору жана укуктук жардам алуу жолдору тууралуу түшүндүрмө берилди.

Эске салсак, бул  багыттагы профилактикалык иштер шаарда мындан ары да улантылат.