Бүгүн, 23-декабрда К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында шаар мэри Байышбек Астанакуловдун балдар үчүн арналган жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.
Ага мэрия тарабынан 100 бала чакырылып, жаңы жылдык белектер тапшырылды. Анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетим, жарым жетим, турмуштук оор кырдаалда калган балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, революция баатырларынын балдары, 6 жаштан 12 жашка чейинки окуунун отличниктери, активисттер жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.
Анда калаа башчы Байышбек Астанакулов келечек ээлери болгон Талас шаарынын жаш тургундарын келе жаткан 2025 жаңы жылы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, кең келечек, окуудагы зор жетишкендиктерди каалады.
Иш-чара маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.