Бүгүн, Талас шаарында мэрдин жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Маданий иш-чарага шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 110 бала чакырылды.
Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков балдарды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, келечек ээлерине окууда ийгиликтерди, бекем ден соолук жана бактылуу балалык каалады.
Балаты майрамында балдар-кыздарга таттуулар салынган жаңы жылдык белектер тапшырылды.
Балдарга арналган майрамдык кече К.Медетбеков атындагы музыкалык-драма театрында уюштурулуп, маданий программа менен коштолду. Театрдын актерлору балдар үчүн кызыктуу концерттик номерлерди тартуулашты.