5-октябрь билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Талас шаарынын А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага шаардагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер жана коноктор катышышты.
Майрамдык иш-чарада билим берүү тармагында үзүрлүү эмгеги менен айырмаланып, жаш муундарды тарбиялоого салым кошкон бир катар мугалимдер Талас шаардык мэриясынын “Ардак” грамотасы менен сыйланышты.
Бул күнү мугалимдердин эмгеги дагы да бааланып, билим берүү системасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы өзгөчө белгиленди.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Сагын Абдуллаев атындагы №6 орто мектебинин окуучулары жана мугалимдери тарабынан сахналаштырылган программа тартууланып, катышуучуларга майрамдык маанай тартууланды. #Таласмэрия