Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА МУНИЦИПАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

04.11.2026  14:58     Кароолор (20)

Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун (Союз МСУ) өкүлдөрү менен муниципалдык объектилердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу консультациялык жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Жаныбеков, шаардык кеңештин депутаттары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана тиешелүү комиссиялардын мүчөлөрү катышты.

Жолугушууда Нуржанов аллеясындагы бутиктердин, “Баластан”балдар оюн-зоок борборунун ишмердүүлүгү талкууланды.

Аталган объектилердеги соода түйүндөрүнүн, оюн-зоок жайларынын жана кинотеатрлардын ишин уюштуруу, финансылык-чарба иштерин жүргүзүү, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук маселелери боюнча практикалык консультациялар берилди.