Жаңылыктар

Талас шаарында мыйзамсыз күйүүчү май сатууга каршы рейд өткөрүлдү

15.01.2026  16:30     Кароолор (14)

Талас шаарында мыйзамсыз күйүүчү май саткан фактыларды аныктоо жана алдын алуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Текшерүүгө Айбек Көчөрбаев, Талас шаардык салык кызматынын, ички иштер бөлүмүнүн жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз күйүүчү май сатып жаткан эки факты аныкталды. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча мыйзамсыз сатылып жаткан бензиндер алынып, тиешелүү айып пулдар салынды.

Белгилей кетсек, күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу мамлекеттик талаптарды бузуу менен катар унаалардын техникалык коопсуздугуна, ошондой эле сатуучулардын өз өмүрүнө жана айланасындагы адамдардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат.

Бул багыттагы көзөмөл жана рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.