Бүгүн, 21-мартта Талас шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамы чоң шаң менен белгиленди. Иш-чараны шаар мэри Байышбек Астанакулов ачып берип, жалпы эл-журтту майрамы менен куттуктады. Андан соң, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев сөз сүйлөп, Нооруздун элдик биримдикти жана улуттук баалуулуктарды сактоодогу маанисин белгилеп өттү. Ошондой эле майрамга шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышып, жалпы элге каалоо-тилектерин айтышты.
Бул улуу күндү тосуу үчүн шаар тургундары жана коноктору чогулуп, жаздын келиши менен байланышкан бул майрамды бирге белгилешти.
Майрамдык иш-чарада:
• Талас облустук музыкалык драма театры, шаардык жана райондук маданият бөлүмдөрүнүн уюштуруусу менен элге өзгөчө маанай тартууланды.
• Таластын айымдары жана "Марал" Кыргыз улуттук этно кийим коллекциясы салттуу кийимдерди даңазалап көрсөтүлдү.
• "Нооруз-2025" бий фестивалы.
• А. Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде жергиликтүү өнөрпоздордун эмгектери жана улуттук спорттук мелдештер чоң кызыгууну жаратты.
Нооруз – жаңылануунун, тынчтыктын жана элдик биримдиктин символу! Жалпы журтту Нооруз майрамы менен куттуктап, берекелүү жыл жана бейпил турмуш каалайбыз!