Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан IV Элдик Курултайдын алкагында Талас шаарындагы асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдор онлайн форматта ачылды.
Заводдор Талас районунун Беш-Таш айыл аймагындагы Кара-Дөбө участкасында жайгашып, толук ишке берилди. Алардын өндүрүш кубаттуулугу саатына 120, 100 жана 100 тонна продукция чыгарууга жөндөмдүү. Мындан тышкары, 60ка жакын жаңы жумушчу орун түзүлдү.
Бул заводдордун ишке кириши Талас аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жол жана курулуш иштерин ылдамдатууга, ошондой эле калктын жашоо шартын жакшыртууга олуттуу салым кошот.
Белгилей кетсек, аталган 3 завод тең муниципалдык болуп мэриянын карамагында иш алып барат.