Талас шаарында өткөрүлгөн жалпы шаардык ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жаштар жана тургундар жигердүү катышып, шаардын тазалыгы үчүн колго күрөк, шыпыргы алышты.
Ар бир сунулган кол — бул жашыл чөйрөнү сактоого, келечек муунга таза табиятты калтырууга болгон чоң салым. Бул иш-чара шаар тургундарынын жаратылышка болгон жоопкерчилигин жана ынтымагын дагы бир жолу тастыктады.
Ишембилик алкагында бак-дарак тегеректери тазаланып, таштандылар чыгарылып, коомдук жайлар ирээтке келтирилди. Бул сыяктуу демилгелер шаарыбыздын көркүн арттырып, жашоочуларда экологиялык маданиятты калыптандырууга өбөлгө түзөт.