Жаңылыктар

Талас шаарында паркты жана «Баластан» оюн-зоок борборун башкаруу маселеси талкууланды

17.08.2026  14:46     Кароолор (15)

17-августта Талас шаардык мэриясынын жыйындар залында борбордук паркты жана курулуп жаткан «Баластан» оюн-зоок борборун башкаруу маселеси талкууланды.

  Жыйынга мэриянын өкүлдөрү , муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун өкүлдөрү катышты.

  Талкуунун жүрүшүндө аталган обьектилерди сапаттуу тейлөө үчүн  жаңы муниципалдык ишкана  түзүү демилгеси каралды.  Ошондой эле анын укуктук жана уюштуруучулук маселелерин иштеп чыгуу боюнча сунуштар берилди.