Бүгүн, 7-июль күнү Талас шаардык мэриясынын жыйындар залында мэр Байышбек Астанкулов, орун басары Айбек Көчөрбаевдин катышуусунда мекеме-ишканалардын жетекчилери жана подрядчы ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду.
Жолугушууда шаар аймагында жүргүзүлүп жаткан курулуш, оңдоо жана көрктөндүрүү иштери
талкууланды. Мэр Байышбек Астанкулов подрядчы компаниялардын жетекчилерине ишти өз убагында сапаттуу бүтүрүү талабын койду.
Ошондой эле шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы баса белгиленип, кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча тапшырмалар берилди.