8-октябрда Талас шаарында “Оомат Шанс” коомдук фонду тарабынан улгайган адамдарга жана 18 жаштан жогору курактагы өзгөчө колдоого муктаж жарандар үчүн реабилитациялык борбор ачылды.
Борбордо улгайган курактагы адамдарга социалдык колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле бул жерде улуу муундун тажрыйбасын жаштарга үйрөтүү аркылуу курак куроо, булгаары иштетүү сыяктуу кол өнөрчүлүктү кайрадан жандандыруу иштери жүргүзүлөт.
Жаңы ачылган борбор 70 орунга ылайыкталган. Бул долбоор Талас шаарында пилоттук негизде ишке ашырылып, бүгүн анын кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилди. #Таласмэрия