Жаңылыктар

Талас шаарында реабилитациялык борбор курулат

02.09.2025  17:29     Кароолор (4)

«Талас келечек балдары» фондунун демилгеси менен Талас шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды үчүн реабилитациялык борбордун курулушу башталды. Бүгүн борбордун пайдубалына капсула салуу аземи өткөрүлүп, ага КР Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев, ошондой эле Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков катышты

Жаңы борбор Талас шаарындагы Өмүрбеков жана Турсалиев көчөлөрүнүн кесилишинде курулат. Имарат элдин жардамы жана колдоосу менен салынат. Колдоо катары Талас шаарынын мэриясы тарабынан 7 сотых жер тилкеси берилген.

Реабилитациялык борбордо невролог, дефектолог, эмоционалдык колдоо жана социалдык кызматтар көрсөтүлөт. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине дагы кеӊештер берилет.