Жаңылыктар

Талас шаарында реконструкциядан өткөн заманбап футболдук талаанын ачылыш аземи болуп өттү.

10.10.2025  11:43     Кароолор (17)

Салтанаттуу иш-чарага Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти Джохар Ералханов, шаардык кеңештин депутаттары жана “Илбирс” футболдук клубунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Талас шаарынын өнүгүүсүнө жана спорт тармагына салым кошкон жарандар “Ардак грамоталары” жана “Ыраазычылык каттары” менен сыйланышты.

Футболдук талаанын реконструкциясы жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, ден соолукту чыңдоо жана шаардагы спорт инфраструктурасын жакшыртуу максатында ишке ашырылды.

Долбоор Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти Джохар Ералхановдун демилгеси жана колдоосу менен жүзөөгө ашкан.