Жаңылыктар

Талас шаарында социалдык келишим боюнча арыздар каралды

18.03.2026  18:54     Кароолор (13)

Бүгүн, 18-мартта Талас шаарында социалдык келишимдин алкагында түшкөн арыздар комиссиянын жыйынында каралып, алуучулар аныкталды. Жыйынга Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Анарбек Ибралиев жана тиешелүү кызматкерлери катышты.

2026-жылга карата Талас шаарына 68 квота бөлүнгөн. Бүгүнкү күнгө чейин жарандардан жалпы 46 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 3 жаран белгилүү себептерден улам катыша алган жок.

Жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү тарабынан арыздар каралып, жыйынтыгында 6 жаран экинчи кароого калтырылып, 34 жаран социалдык келишим алууга ылайыктуу деп табылды.

Белгилей кетсек, социалдык келишим Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен ишке ашырылып, анын алкагында жарандарга 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берилет.