Бүгүн, 17-мартта Талас шаарында социалдык келишимдин алкагында түшкөн арыздарды жеринен кароо иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага мэриянын социалдык сектор
башчысы Гулмира Орозалиева жана тиешелүү кызматкерлер катышты.
2026-жылга Талас шаарына 68 квота бөлүнгөн. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 45 жарандан арыз келип түшкөн. Комиссия тарабынан жарандардын жашоо-шарты, социалдык абалы жана жардам алууга муктаждыгы жеринен каралды.
Алдыда комиссиянын курамы тарабынан арыздар толук каралып чыгып, социалдык келишимге ылайык жардам алуучулар тандалат.
Белгилей кетсек, социалдык келишим өлкө президентинин демилгеси менен ишке ашырылып, анын алкагында жарандарга 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берилет.