Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында КР Министрлер Кабинетинин социалдык келишим долбоорунун негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча токтомдорун ишке ашыруунун алкагында жыйын өткөрүлдү.
Жыйындында социалдык жардам алууга талапкер болгон 36 үй-бүлөнүн бизнес-пландары жана ишкердик багыттары каралды. Кароонун жыйынтыгында 20 үй-бүлөнүн бизнес-долбоору жактырылып, социалдык контракка катышууга сунушталды.
Ал эми 13 үй-бүлөнүн бизнес-пландары кошумча иштеп чыгуу үчүн кайра кароого калтырылды. Дагы 3 үй-бүлө жыйындын узакка созулушуна байланыштуу катыша албай калгандыктан, алардын бизнес-долбоорлору кийинки отурумда карала турган болду.
Социалдык келишим программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого алып, алардын киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жашоо деңгээлин жакшыртуу максатын көздөйт. Долбоору жактырылган үй-бүлөлөргө мамлекеттен 150 миң сом кайтарымсыз каражат берилет.